Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети 20-январдагы жыйынында депутат Элмурат Обдуновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө “Республика” фракциясынын чечимин карайт. Маалыматты парламенттен билдиришти.
Фракция чечими 17-январда спикер Асылбек Жээнбековго жөнөтүлгөн. Буга Обдуновдун фракциянын отурумуна жана фракциянын ишмердүүлүгүнө дайыма катышпай жүргөндүгү себеп болгону айтылган эле.