Эрлан Абдылдаев депутаттын "ардактуу консулдар мамлекетке ири инвестиция тартып жатышат" деп айтканын четке какты

Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитети 20-январдагы жыйынында депутат Игорь Гусаровдун чет мамлекеттин ардактуу консулу кызмат ордун Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат орду менен айкалыштыруу жөнүндө кайрылуусун карап жатат. 

Жыйында Гусаров ардактуу консулдар мамлекетке ири инвестиция алып келип жатышканын айтты. “Ардактуу консулдун кызматтык мааниси жок, айлык албайт. Болгону эл аралык компаниялар менен тыгыз байланышып, мамлекетке инвестиция тартат. Менин кызыкчылыгым ушул нерседе болуп жатат”,- деди Гусаров.

Бирок тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев: “Консулдар инвестиция тартып жатышат” деп айта албайм”,- деп депутаттын айтканын четке какты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан