Ички иштер министрлиги 2012-жылдан 2014-жылдын декабрь айына чейин жумуштан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлерине 17 миллион сом төлөп берген. Муну аталган мекеменин өкүлү, Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 20-январдагы отурумунда билдирди. Министрликтин өкүлү 3 жыл ичинде 100гө чукул кызматкер жумуштан мыйзамсыз бошотулганын айтты. Жыйында мамлекеттик органдар тарабынан “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 41-беренесинин аткарылышы талкууланып жатат. Мыйзамга ылайык, мамлекет жумуштан мыйзамсыз бошотулган кызматкерлерге тийиштүү деңгээлде акы төлөп берүүгө милдеттүү. Депутаттар аталган мыйзам күчүнө киргенине 3 жыл болгону менен, Ички иштер министрлигинен башка органдарда ишке ашпай жатканына нааразы болушту.