Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаевага нааразы. Нарматова өзүнүн нааразычылыгын комитеттин 20-январдагы жыйынында айтты. “Сиз өзүңүздү “комитет төрайымымын” деп бизден бийик сезбеңиз. Биздин сөзүбүздү бөлбөй, оюбузду толук айтууга уруксат беришиңиз керек. Буга чейин да оюбузду бөлүп, өзүңүз гана сүйлөп келгенсиз, бүгүн да ушинтип жатасыз, токтотуңуз. Кенен сүйлөөгө парламенттин жалпы жыйынынан мүмкүнчүлүк берилбейт, комитетте да. Анда биз оюбузду кайда барып айтышыбыз керек?”- дейт Нарматова.
Алтыбаева кесиптешинин айыптоосун четке какты. “Биз бири-бирибизди сыйлап, убакыт беришибиз керек, бирок жалгыз эле сиз сүйлөп жатпайсызбы. Мен сиздин айткандарыңызга кошулбайм”,- деди Алтыбаева.