Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-январда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов менен "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаевди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу долбоорунун ар кандай варианттары талкууланды.
Мамлекет башчы эки өлкөнү бириктирген ушул темир жолдун акыркы маршруту Кыргызстанга да, Кытайга да пайдалуу болорун айтты.
Калыкбек Султановго ушул маселе боюнча Кытайдын мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн өлкөнүн өкмөттүк делегациясын жетектөө милдетин жүктөдү.