Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети өлкөдө алимент фондун түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун четке какты. Демилге алимент төлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү жана кирешесин жашыргандардын киреше булагын ачыкка чыгарууга жана алимент фондун түзүүгө багытталганы буга чейин айтылган эле. Депутат Абдыманап Кутушев сунушка өкмөттүн каршы пикири келгенин билдирди. “Сунуш биздин комитетке 4-жолу киргизилип жатат. Бирок демилгечи депутат Ыргал Кадыралиева макулдугун берип коюп, өзү келбей жатат. Ал эми өкмөттүн каршы корутундусу келди. Анда каржы булактары аныкталбагандыгы, Эмгек кодексине карама-каршы келери жана бюджеттен сырткары фонд түзүүгө тыюу салынары белгиленген. Ошондой эле бул сунуш кабыл алынса, көп балалуу алимент төлөөчүлөргө социалдык оорчулук жаратат”,- деди Кутушев.