Кыргызстан 19-январда 57,7 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды, бул көрсөткүч нормадан 4,9 миллион киловаттка ашыкча. Маалыматты бүгүн, 20-январда Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди. Бишкек шаары 604 миң киловатт-саат электр энергиясын нормадан ашыкча пайдаланганы айтылды. Облустар арасында электр кубатын ашыкча коротуу боюнча Ош облусу алдыда (377 миң киловатт ашыкча иштеткен). Бишкек жылуулук электр борбору басым менен иштеп, өткөн суткада 8601 киловатт-саат электр кубатын өндүргөн.
Айта кетсек, быйылкы сезондо 1 суткада пайдаланылган электр энергиясынын суткалык көрсөткүчү 64,9 миллион киловатт-саатка чейин чыкты.