Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Аида Салянованы берген арызына ылайык ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке кайрылды. Президенттин сунушун 20-январда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети карап, макулдук берди. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин билдиришинче, А.Салянова президентке өз арызы менен 19-январда кайрылган.