Мамлекеттик салык кызматы: Тоо-лыжа базаларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө күчөдү

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы тоо-лыжа базаларын иштеткен компаниялардын салык төлөө жаатындагы иши иликтөөгө алынарын билдирди. Бул боюнча салык органдарына атайын тапшырма берилгени айтылды.
Мекемеден билдиришкендей, 16-18-январда бир катар тоо-лыжа базалары, лыжа базаларынын аймагындагы кафе, бильярд залы, мейманкана, коттедж жана башка жайлар текшерүүгө алынды. 3 күндө 12 лыжа базасы текшерилген: "Каракол", "Орловка", "Кашка-Суу", "Тогуз-Булак", "ЗиЛ", "Норус", "Оруу-Сай", "Политех", "Ак-Таш", "Татыр", "Чуңкурчак", "Төө-Ашуу".  
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов салык кызматкерлерине тоо-лыжа базаларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алууну күчөтүү милдетин жүктөдү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан