Кыргызстанда 2014-жылы 165 398 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Мамлекеттик каттоо кызматы 20-январда билдиргендей, ымыркайлардын төрөлүшү боюнча аймактардын көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:
Бишкек шаарында 25 675 ымыркай төрөлгөн;
Чүй облусунда 22 778 ымыркай;
Ош облусунда 36 969 ымыркай;
Ош шаарында 7133 ымыркай;
Баткен облусунда 15 885 ымыркай;
Жалал-Абад облусунда 31 914 ымыркай;
Талас облусунда 6784 ымыркай;
Нарын облусунда 6691 ымыркай;
Ысык-Көл облусунда 10 969 ымыркай.
Былтыр төрөлгөн ымыркайлардын саны 2013-жылга салыштырмалуу 8679га көп экени айтылды.