Тарыхый-маданий мурастарды сактоого багытталган мыйзам долбоору комитетте талкууланды

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 1-окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоору тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана пайдалануу ошондой эле мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыкканы айтылды. Мында археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары такталган. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактардын атайын техникалык куралдарды (металл издөөчү, металлодетектор, радарлар жана магниттик аспаптар) атайын уруксатсыз колдонуусуна тыюу салынары жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга кирептер кылары айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан