Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика комитети 20-январда мамлекеттик органдар тарабынан “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 41-беренесинин аткарылышы жөнүндө мамлекеттик кадр кызматынын маалыматын укту. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасынын орун басары Бахтияр Фаттаховдун берген маалыматына караганда, 2014-жылы мамлекеттик органдарда кызмат адамдарынын туура эмес аракетинен улам каржылык зыян келтирилген 25 учур катталган. Жалпы зыян өлчөмү – 1 миллион 980 миң сом. “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 41-беренесине ылайык, бюджетке зыян келтирген кызмат адамы чыгым ордун өзү толтурууга тийиш”,- дейт Фаттахов.
Депутат Улукбек Кочкоров “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 41-беренеси мамлекеттик кызматтын кадрдык саясатын турукташтырууга багытталарын айтты. Соңунда комитет мүчөлөрү Мамлекеттик кадр кызматынын, Каржы министрлигинин, Эсептөө палатасынын алдына мыйзам талаптарын так аткаруу, республикалык бюджеттин каражатынын сарпталышына көзөмөлдү күчөтүү талабын коюп, бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алышты.