Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 575 миллион метр кубду түзүүдө

20-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 575 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 139 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 160 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 597 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 741 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 20-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 461 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
myrza80
2015-01-20 18:46:45
7миллиардка тушсо генераторло иштебей калат дешкен эле эми не болот кыш али алдында.
0
Rifle
2015-01-21 12:01:53
myrza80,
Ушунча калды деп отура бербей , бир айласын табыш керек го ?
Оозго жаман создор келет экен, жоопкерчиликсиз иш болуп жатат. Кирген суудан, чыкканы 4.5 эсе коп. Эмнени ойлонуп жатат. Бул нерсеге ким жооп берет ?
0
edu.kg
2015-01-20 19:54:00
Ааа бийлик болбосон койо кал. Сат, сат ,болуп кетиптирго бул жагы.
0
chonko.samat7
2015-01-20 22:51:11
тозокто ортоносунорго жеп жутарлар .
+1
chonko.samat7
2015-01-20 22:51:48
менин досум оз козу менен коруптур кантип саттып жатканын
0
Abdyrawit
2015-01-21 07:32:24
Бакиев менен Акаевди күнөөлөп коё бергиле да... Силерден не кетти
0
Rifle
2015-01-21 12:03:13
Бул нерсе тарыхта калат. Кандай чон суу сактагыч жок болуп жатат. Ойлонуп койгон адам жок. Же тв аркылуу соз болдубу ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан