"Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн, 20-январдагы отурумунда кабыл алды.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкордук кеңештери мыйзамдарга карама-каршы келбеген каржылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартууга укуктуулугу белгиленген. Камкордук кеңеш билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте келерки жылда республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн да аныктайт. Бул процесске мугалимдер кирбейт. Эгерде алар кире турган болсо, алардын жоопкерчилиги карала турганы долбоордо белгиленген.
Талкууда депутат Карамат Орозова азыркы тапта айрым мектептерде камкордук кеңештер жана фонддор иш алып барып жатканын айтып, экөөнүн бирөө калышы керектигин белгиледи. Демилгечи Дастан Бекешев камкордук кеңештердин курамын ата-энелер түзөрүн айтып, камкордук кеңештерин калтырууну сунуш кылды.