Кыргызстанда 2014-жылы пенсияга жана башка социалдык төлөмдөргө 31 миллиард 900 миллион сом жумшалды. Бүгүн 20-январда Социалдык фонддун басма сөз кызматы мекеменин пенсия боюнча карызы жок экенин билдирди. "2014-жылга карата республикадагы пенсия алган жарандардын саны 590 500 адамды түздү. Мунун ичинен 393 миң жаран пенсиясын "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын филиалдарынан алышса, 197 500 адам пенсиясын коммерциялык банктар аркылуу алышат",- деп айтылат маалыматта.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2014-жылы 1 миллиард 592 миң сомго каржыланганы айтылды.