Кыргызстанда Элдик Апрель революциясынын 5 жылдыгы жана Март революциясынын 10 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Уюштуруу комитетин премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетектейт жана түзүмгө бир айдын ичинде иш-чаралардын планын түзүү тапшырмасы берилди. Ал эми өкмөткө аталган иш-чараларды каржылоо, даярдоо жана өткөрүү боюнча маселелерди чечип берүү милдети жүктөлдү.