Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 23 жылда бюджетке 19 миллиард сом которгону айтылды

Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду түзүлгөн күндөн баштап азыркы учурга чейин (23 жылда) мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүүдөн мамлекеттик бюджетке 19 миллиард 484 миллион сом которгон. Маалыматты аталган фонддон бүгүн, 20-январда билдиришти. 
Мамлекеттик акциялардын пакети боюнча дивидендден 10 миллиард 352 миллион 900 миң сом;
Мамлекеттин 50 пайыздан кем эмес үлүшү бар мекемелерден 3 миллиард 427 миллион 500 миң сом;
Мамлекеттик мүлктү приватизациялоодон 2 миллиард 486 миллион 800 миң сом;
Мамлекеттин пайдасына кайрылган кирешелер 2 миллиард 876 миллион 700 миң сом;
Мамлекеттик мүлктөрдүн ижара акысынан 234 миллион 800 миң сом;
Башка кирешелерден 123 миллион 700 миң сом киреше которулган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан