Каржы министрлиги Кыргызстандын 2015-жылга жарандык бюджетин иштеп чыкты. Документке ылайык, 2015-жылга мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 118 миллиард 900 миллион 600 миң сом суммасында же ИДПнын (ички дүң продукция) 26,9 пайызы деңгээлинде болору болжолдонууда. Муну министрликтин басма сөз кызматы 21-январда билдирди.
2015-жылы салыктык кирешелер 92 миллиард 299 миллион 500 миң сомду түзөрү, мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 15 миллиард 570 миллион 900 миң сом суммасында болору күтүлүп жатканы айтылды.
"Пландалган кирешелердин курамындагы көбүрөөк салмакка салыктык кирешелер ээ. Салыктык кирешелер негизинен киреше салыгынан, пайдага салыктан, "Кумтөрдүн" дүң кирешесинен, КНСтен, сатуудан алынчу салыктан, акциздик салыктан жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлөт. Салыктык кирешелердеги негизги үлүштү жалпы салыктык түшүүлөрдүн 40,2 пайызды түзгөн КНСтен түшүүлөр түзөт. Салыктык эмес кирешелердеги негизги үлүшү - акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр (атайын каражаттар) жана дивиденддер",- деп билдирди министрлик.