Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева учурда үй камагында. Башкы прокуратурадан 21-январда билдиришкендей, 2014-жылдын 19-декабрында "Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы" мамлекеттик мекемесинде айыпталуучу Урмат Аманбаеваны кармоо боюнча протокол түзүлгөн.
"Ошол эле күнү Башкы прокуратура У.Аманбаевага "коррупция" беренеси боюнча айып таккан. Башкы прокуратура 21-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна У.Аманбаеваны камакка алуу боюнча өтүнүч келтирген. Бирок сот мындан баш тартып, айыпталуучунун баш коргоо чарасын үй камагында болуу деп белгилеген",- деп айтылат маалыматта.
Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык сотуна кассациялык доо арыз менен кайрылган, жыйынтыгы белгисиз экени маалымдалды.