Түркиялык "Алвимедика" компаниясы Кыргызстанда кардиологиялык борбор ачууга кызыкдар экенин билдирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай сунушту компаниянын өкүлү Жем Карван аталган министрликтин башчысы Талантбек Батыралиевге айткан. Алардын жолугушуусунда Кыргызстанда медициналык тейлөөлөрдү жогорку деңгээлде көрсөтүүчү уникалдуу кардиологиялык борбордун ачылышы негизги маселе болду. "Бул ооруканада заманбап технологиялар колдонулат. Мындан тышкары анын кадрларды даярдоо программасы теориялык жана практикалык даярдоолордон түзүлөт",- дейт Карван.
Батыралиев Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматташууга даяр экенин белгиледи.