Акыйкатчынын орун басарлыгына депутат Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлиги каралууда

Жогорку Кеңеш бүгүн, 21-январда акыйкатчынын орун басары кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин карап жатат. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев акыйкатчынын орун басары болууга Жамгырчиева өзү суранганын билдирди. Депутат Исмаил Исаков кесиптеши буга чейин укук коргоо кызматкерлеринен запкы жеп келгенин айтты. "Мындай чечимге келишине Жамгырчиеванын өз башынан өткөргөн тагдыры түрткү болуп жатат. Анткени ал укук коргоо органдары тарабынан запкы жеп келген. Иштеп бергенге мүмкүнчүлүгү бар, колдоп берели",- деди Исаков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан