Абдыманап Кутушев: "Өзгөчө оор кылмыш кылгандарга өлүм жазасын колдонууга макулмун"

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн өлүм жазасын колдонууга болот деп эсептейт. Депутат муну 21-январда "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди. Кыргызстандын Конституциясында өлүм жазасына тыюу салынганын белгилеп: "Менимче, мындай сунуш батышчыл эксперттер тарабынан берилсе керек. Бирок өлүм жазасы көптөгөн батыш өлкөлөрүндө эң жогорку жаза катары колдонулуп жатканы белгилүү. Ошондуктан биз өлүм жазасына байланыштуу маселени азыртан биротоло чечип алышыбыз керек. Бул конституциялык ченем жалпы элдик референдум аркылуу гана четке кагылууга тийиш",- дейт депутат.

Кутушев өлүм жазасына карата тыюуну алып салууда соттук жаңылыштыктарга жол бербөө үчүн аны ишке ашыруу тартибин аныктап алуу зарылдыгын белгиледи. "Өлүм жазасын балдарга жасалган сексуалдык зомбулугу, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөнү, өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына зыян келтиргени үчүн колдонсо болот",- дейт Кутушев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан