Депутат Нариман Түлеев мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылды. Мындай чечим бүгүн, 21-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынганын мекемеден билдиришти. 
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаардык соту Н.Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан (райондук соттун чечимин күчүндө калтырган). Аны былтыр 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Анын үй мүлкү конфискацияланган жана анын СИЗОдо отурган бир күнү эки күн катары эсептелери айтылган. Ошондой эле экс-мэрдин 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы белгилүү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан