Мыйзамдагы “аскердик абал” түшүнүгүн “согуштук абал” деп которууга багытталган мыйзам долбоору 21-январда парламентте 1-окууда кабыл алынды. Демилгечи депутат Исмаил Исаковдун айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусунун негизинде, мамлекеттик тилде анын маанисине дал келген “согуштук абал” түшүнүгүн киргизүү максатында демилгеленүүдө. Конституциялык мыйзамдагы “военное положение” түшүнүгү мамлекеттик тилге которулганда “аскердик абал” деп которулуп, бирок так маанини бербей калган. Ошондуктан аны “согуштук абал” деп өзгөртүү туура.