"Нарын шаарынын РТС аймагында каза болгон айымды акыркы сапарга узатууда шаардын эки имамы уруша кетип, жаназа түшүрбөй кетип калышкан" деген кеп чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облусунун РТС аймагынын имамы Сейит Исаев билдирди.
“Каза болгон аялдын күйөө баласы мага 9-январь күнү телефон чалган. Анда ал кайненеси кайтыш болуп калганын айткан. Мен "Биз жаназа окулган күнү эле барабыз, мечитте атайын сөөк көтөрчү адамдар бар. Кепинин бир күн мурун бычалы" дегем. Ал макул болгон. Андан кийин дагы чалган экен, бирок мен сабакта отургандыктан, ага жооп берген эмесмин. Бошобой калгандыктан, мен коңшу аймактын имамы Майрамбек Султаналиевге чалгам. Ал “мен кепинин бычып берип койдум” деди. Эртеси күнү жаназа окуганга бардым. Бирок үй ээси тарабынан жаман сөздөрдү уктум. Андай сөздөрдү бир гана үй ээси эмес, башкалары да айтышты. “Биз 3 күндөн бери сени чакырып, келтире албай койдук, силерге акча эле керек” дешти. Акыры үй ээси “мен сага жаназа окутпайм” деп чыкты. Мен эч нерсе деген жокмун, эгер үй ээлери каршы болуп жатышса, кете берейин деп өз жолума түштүм. Мени менен бирге барган коңшу айылдын имамы Майрамбек Султаналиев да мунун баарына күбө болуп, ал да мени менен бирге кетип калган”,- дейт С.Исаев.
Анын айтымында, маркумга жаназаны башка молдо окуп, ал жерге берилген. Үй ээсинин “имамдар урушуп, жаназа окубай кетип калышты” деп айтканы туура эмес жана чындыкка дал келбейт. Учурда имам анын аброюна шек келтиргени үчүн аны каралаган үй ээсин сотко берүүгө даярданууда.
Эске салсак, буга чейин Нарын облусунун РТС аймагында Бейшегүл Аттокурова аттуу айымды жерге берүү үчүн жаназа окуганга келген эки имам урушуп, кетип калганы айтылган.