Кыргызстанда 2015-жылдын январь айына карата гемофилия менен ооруган адамдардын саны 192ни түздү, мунун ичинде 16 жашка чейинки балдар - 93, 16 жаштан жогоркулар - 33, чоң кишилер - 64. Муну бүгүн, 21-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.
"Маалыматтар боюнча, 2014-жылдын ичинде канды уютуучу факторду 116 бейтап алган. Бул канды уютуучу факторду алууга укугу бар оорулуулардын жалпы санынын 92 пайызын түзөт. Анын ичинен бекитилген ченемде 16 бейтап, 24 бейтап белгиленген ченемден ашык алса, 76 бейтап ченемден төмөн алышкан",- деп билдирет мекеме.
Гемофилия - кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн тукум куума оору. Кан плазмасында канды уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот.