"Кыргыздын түптүү маданияты батыштын баркы жок баш аламандыктарына баш ийбеши керек" дейт депутат Кутушев

"Жашы жетпеген балдары үчүн ата-энелери жоопкерчилик тартышат. Ата-энелер бул милдетине жоопкерчилик менен карашы керек. Азыр балдарын эмес, өз жанын эптеп карай албагандар деле дааваттарга чыгышып, "балдарымды Жараткан багат" деп кетип жатышат". Мындай пикирди депутат Абдыманап Кутушев "Парламент" радиосунун 21-январдагы түз эфиринде билдирди. Депутат балдарга карата күчөп жаткан зөөкүрлүк мамилеге кайдыгер карабоо керектигин белгилейт.

"Кыргыз элинин байыртан келе жаткан адеп-ахлактык ченемдеринде балдарга болгон аяр мамиле калыптанган. Бирөөнүн балдары кароосуз калса, аларды асырап алып, эрезеге жеткирүүдө мыкты тайжрыйбаларыбыз бар. Ошондой маданият азыр батыштын баркы жок баш аламандыктарына баш ийип бербеши керек. Ошол эле мезгилде калк арасындагы балдардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын сакталышына жана аткарылышына катуу көзөмөлдүк керектигин түшүндүрүү иштери өтө зарыл",- дейт Кутушев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан