Базар-Коргон районунда диний концепция талкууланды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 21-январда президент Алмазбек Атамбаевдин “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндөгү” жарлыгы талкууланды. Ага Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын принциптери жана максаты, диний саясаттын негизги багыттары, аталган концепцияны ишке ашыруу талкууланды. 

Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу - мамлекеттүүлүктү туруктуу өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн негизги шарттарынын бири. Бул максатка жетишүү үчүн динге ишенгендердин конституциялык укуктарын сактоо, ошондой эле жарандардын милдеттерин түшүнүүсүнө негизделген коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды так түзүү талап кылынат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан