Ош шаарында кызамык оорусуна каршы эмдөө иштери жүргүзүлүүдө

19-январда Ош шаарынын аймагында "кызамык оорусун жугузуп алган" деген божомол менен үч жаран катталган. Ага байланыштуу калаада кызамык оорусунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын милдетин аткаруучу Айчүрөк Келдибекованын айтымында, кызамык оорусу аба аркылуу жуга турган оорулардын катарына кирип, күз-кыш мезгилинде күч алгандыктан, Кыргызстан боюнча оорунун алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
“Кызамык оорусун жуктуруп алган адам сүйлөгөндө, чүчкүргөндө аба аркылуу жугуп калат. Кызамыкты козгоочу вирус ооз көңдөйү аркылуу канга жугуп, кан аркылуу адамдын организминин бардык жагына таралат. Биринчи кезекте адамдын дене табы көтөрүлүп, 38-40 градуска чейин жетет. Оорулууну алсыратып, андан соң адамдын кулагынын артына, башына, бетине, адамдын башка дене мүчөлөрүнө кызыл бүдүр ташыйт. Оорулуу адам бүдүр чыкканга чейин үч-төрт күн мурда жана бүдүр таркагандан 3-4 күндөн кийин өтө коркунучтуу жана жугуштуу болуп саналат. Эгерде жаш балдар ооруп калса, өз убагында кайрылбаса, башка ооруларды алып келет. Мисалы, өпкө, кулак жана башка оорулардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн”, - деди Келдибекова.
Башкы медайым кошумчалагандай, алдын алуу үчүн 1-6 жашында милдеттүү эмдөө алуусу керек. Эгерде оору катталып калса, бейтапты өзүнчө бир бөлмөгө жаткырып, башка жакындарынан бөлөк кармоо зарыл. Ал эми азыркы учурда Ош шаары боюнча атайын бригадалар уюштурулуп иш алып барышууда. 
Кызамык оорусун жугузуп алышы мүмкүн делгендерди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жеке көзөмөлүнө алып, бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы. 
Ош шааарында кызамыкка каршы күрөшүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн атайын штаб түзүлүп, мектептерде, бала бакчаларда эмдөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады Келдибекова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан