Депутаттар электр энергиясынын тарифтерин кайра карап чыгууну сунушташууда

Парламент депутаты Дастан Жумабеков электр энергиясынын тарифтерин кайра карап чыгууну сунуштоодо. Жогорку Кеңештин 22-январдагы жыйынында депутат: "Жарандар электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшүнө күнөөлүү чиновниктер эмне үчүн жазаланбай жатканын сурашууда. Эмне үчүн айрым чиновниктердин шалаакылыгынын айынан бүгүн биз свет үчүн 2 сом 5 тыйындан төлөшүбүз керек? Президент тарифтерди төмөндөтүү боюнча өкмөткө тапшырма берди. Маселе качан чечилет? Качан чиновниктер элди алдаганын токтотушат?"- деди.
Жумабеков 15-январда Таласта тарифтердин жогорулашына каршы митинг өткөнүн эскертти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан