Алмазбек Атамбаев "Төлөм системи жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын төлөм системи жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 22-январда президенттик аппараттан билдиришти. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам өлкө аймагында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, акчалай которууларды жүзөгө ашыруунун тартибин жана формаларын белгилейт. Төлөм системдеринин мүнөздөмөлөрүн, төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин тартибин, төлөм системин көзөмөлгө алууну жана Улуттук банктын өлкөдөгү төлөм системиндеги ыйгарым укуктарын аныктайт.

Кыргызстан менен чет өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы бүтүмдөр боюнча төлөмдөрдө жана эсептешүүлөрдө, юридикалык жактар менен жеке жактардын ортосундагы акча которууларда келип чыккан мамилелер ушул мыйзамда бул мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жөнгө салынат. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул мыйзам менен "Электрондук төлөмдөр жөнүндө" 1999-жылдын 6-ноябрындагы мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан