Кыргызстанда халал боюнча ар кандай түшүнүктөр болууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда тегерек столдун жүрүшүндө Халал борборунун адиси
Талант Эрназаров билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары халал индустриясы жалпы өлкөдө кенен жайылган. "Халал" түшүнүгү элдин талаптарына жооп берген продукциялардын керектигинен пайда болгон. Бирок айрымдар бул сөздү туура эмес түшүнүшүүдө. Мисалы, бир ашканага барсак, бир азыктын сыртында "халал" деген жазуу бар болгонуна карабастан, курамында чочконун эти бар экен. Сатуучудан эмне себептен мындай болуп калганын сурасак, ал "мен аны тазалап, күнүнө 3 жолу жууп турам" деп жооп берди. Демек, халал боюнча ар кандай пикирлер бар. Мындан улам ар бир облуста түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз",- деди Эрназаров.