22-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,5 миллиард метр кубга түштү

22-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 506 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 853 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 170 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 149 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 560 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 756 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 22-январда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 359 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан