Алмазбек Баатырбеков: "Салттуу дин деген эмне экенин тактап алуу зарыл"

"Конституцияда мамлекеттин динден ажыратылганы белгиленгени менен, баары бир диний багытка мамлекеттик көзөмөл керек экендигин акыркы 20 жылдан берки тажрыйбалар көрсөттү. Анткени диний агымдардын көбөйүшү менен пайда болуп жаткан баш аламандыктардын баары иретке салынбаса, абалдын алсызданышына алып келмек. Ошондуктан дин тармагындагы салттуу диндерди тактап алуу зарылчылыгы пайда болуп, Коргоо кеңешинин жыйынында да бул тема кеңири талкууланган",- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков "Парламент" радиосуна 22-январда берген маегинде.

КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Табылды Орозалиев салттуу дин боюнча парламентке мыйзам долбоору сунушталганын белгиледи. 

Дүйнө коомчулугунун тынчын алган "Ислам мамлекети" уюмунун террордук аракетине алданып калбоо үчүн жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүрүш керектиги да айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан