"Республика" фракциясы башкы прокурорлукка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы 23-январдагы жыйынында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин башкы прокурорлук кызматка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин кароо боюнча сунушуна макулдук берди. Жолдубаеваны фракция мүчөлөрүнө президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев тааныштырды. Нарымбаев талапкер тууралуу буларды айтты: “Индира бул кызматка келсе, татыктуу иштеп берет. Буга ишенип турам. Өзү жаш болгону менен, өтө тажрыйбалуу, айткан кебинен кайтпайт жана ар бир маселени ийне-жибине чейин иликтеп чыгып, анан иш жасайт”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан