“Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын жолун улантпайм, менин өзүмдүн жолум бар”,- деп билдирди башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева парламенттеги “Республика” фракциясынын 23-январдагы жыйынында.
Депутаттар “Аида Салянова баштап кеткен иштер улантылабы?” деп суроо беришти.
“Аида Жеңишбековна өтө оор мезгилде иштеди жана өтө көп иштерди аткарды. Бирок парламентке отчёт бербей кеткени боюнча эч нерсе айта албайм, бул ал кишинин жеке чечими. Эгер колдоп берсеңиздер, менин өзүмдүн жолум бар. Мен мыйзамдын негизинде гана иш алып барам”,- деди Жолдубаева.
Талапкер азырынча өзүнүн пландары жок экенин кошумчалады. “Мен азырынча ишти эмнеден баштаарымды пландай элекмин. Прокуратуранын ишин иликтеп, анан чечим кабыл алам”,- деди Жолдубаева.