Жогорку Кеңеште "Таза суу" долбоору боюнча акчанын максатсыз жумшалышы талкууланууда
Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясы 23-январдагы жыйынында “Таза суу” долбоору
боюнча насыялык акчалардын максатсыз пайдаланышын жана анын кесепеттерин
талкуулап жатат. Жыйынга министрлер жана долбоорду ишке ашырууга насыя берген
банк өкүлдөрү катышууда. Аталган долбоор өлкөнүн 1000ге чукул айылын таза суу менен камсыз кылууга багытталган. Бирок
учурда 3төн 2 бөлүгү гана аткарылганы айтылды. Фракция жетекчиси Максат Сабиров канча каражат
которулганын сураса, Каржы министрлигинин өкүлү кеткен каражаттарды аныктоочу
маалым каттар жок экенин билдирди.