Чүй облусунда ар ишемби жана жекшемби күндөрү унаа базарындагы тыгындарга байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек – Ош унаа жолу боюнча багыт алышкан оор жүк ташуучу унаалар эс алуу күндөрү айланып өтүүчү жол менен жүрүүгө туура келет. Буга Военно-Антоновка айылында жайгашкан унаа базарындагы унаалардын көптүгүнөн тыгындардын пайда болуп жатканы себеп болууда.