Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү комитети бүгүн, 26-январда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу фактыларын талкуулайт. Бул маселе боюнча өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматы угулат.
Айта кетсек, Башкы прокуратура Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетине 2014-жылы 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен депутат Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгогон.