Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова жана Каржы министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация 19-24-январь күндөрү Түштүк Кореяда болду. Иш сапарда делегация аталган өлкөнүн Стратегия жана каржы министрлигинин Бюджет боюнча башкармалыгынын жетекчиси Пэ Санг Рок жана Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Чэ Ёнг Кюн менен жолугушту. Тышкы иштер министрлиги 26-январда билдиргендей, мындан башка да бир катар жолугушуулар өттү.
"Кыргызстанда азыркы учурда бюджеттин ачыктыгына, мамлекеттик чыгашалардын эффективдүүлүгүнө жана бюджеттин процессин жакшыртууга багытталып, мамлекеттик каржыны башкаруу тармагында масштабдуу реформалар жүрүп жатат. Бул реформаны толук кандуу ишке ашыруу үчүн Каржы министрлиги бюджеттик системди түзүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасын изилдеп жатат",- деп айтылат маалыматта.