Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов 23-январда Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башчысы Дато Камилан менен жолугушту. КРнын Тышкы иштер министрлиги 26-январда билдиргендей, жолугушууда элчи Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Камилан өз сөзүндө К.Султановду элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Султанов жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси катары Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө күч-аракетин жумшай турганын айтты.