Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Муну бүгүн, 26-январда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы делимитация, демаркация иштери аяктаганы калды. "Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү уланууда. Былтыр 4-сентябрда Көк-Сай - Ак-Таш - Тамдык унаа жолун курууну эки тараптуу тартипте уланттык. Азыр биздин жарандар Өзбекстандын аймагын коопсуз айланып өтө алышат",- деди Маматалиев.