Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин 26-январдагы жыйынында сотторду тандоо процессине өзгөртүү киргизүү сунушу каралды. Демилгени депутаттарга Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев тааныштырды. Анын билдиришинче, жаңы долбоор талапкер судьялардын кесипкөйлүгүн реалдуу баалоого жол ачат.
"Буга чейин дил баян боюнча кеңеш мүчөлөрүнүн ортосунда талаш пикирлер болуп келген. Ошондуктан биз талапкерге бир гана жообу бар укуктук кырдаал берүүнү сунуштап жатабыз. Эгер ал туура жооп берсе, эч кандай тоскоолдугу жок, упайга ээ болот",- дейт Майчиев.
Комитет төрагасы Токтогул Туманов дил баян жазуу нормасы мыйзамда каралганын белгилеп, комитет ушул мыйзамдын негизинде гана чечим чыгарарын айтты. "Силердин катчылыктын ишин күчөтүш керек. Талапкерлерге шпаргалка берилери, алардын сынактан өтүшүнө колдоо көрсөтүлөрү тууралуу бизге чейин маалыматтар келүүдө",- деди Туманов.