Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 26-январдагы жыйыны кийинки аптага жылдырылды. Буга чакырылгандар: эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Бактыбек Ашировдун жыйынга келбей койгону себеп болду.
“Мурунку жыйында да кат жиберип, кийинкиге жылдырууну суранган. Бүгүн келбей койгонун кантип түшүнсөк болот? Кыргызстанда тартип болушу керекпи? Кайда жүрүшсө, ошол жактан тезинен чакыргыла, келишсин”,- дешти депутаттар.
Жыйынтыгында алардын жыйынга келе алышпай турганы белгилүү болду. Депутаттар өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге бул маселе боюнча чара көрүүнү талап кылган кат жиберүү чечимин кабыл алышты.