Орусиянын Волоколамск шаарына СССРдин Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги тургузулат

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө алкагында Орусиянын Волоколамск шаарына (Москва облусу) мекендешибиз, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги орнотулат. Муну бүгүн, 26-январда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Д.Шопоковдун эстелигин орнотуу боюнча элчиликтин кайрылуусу боюнча Волоколамск шаардык мэриясы 22-январда уруксат бергени айтылды. Эстелик шаардын "Октябрь" аянтындагы мемориалдык комплекстин аймагына, И.В.Панфилов жана Б.Момышулынын бюсттарынын жанына коюлмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан