Кыргызстанда 2014-жылы мамлекеттик имараттардын ижара акысынан 62 миллион 200 миң сом киреше түштү. Муну парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 26-январдагы жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлү билдирди. Анын айтымында, былтыр мамлекетке караштуу 2354 имарат ижарага берилип, андан 38 миллион сом киреше түшөрү пландалган болчу. Быйылкы ижара акысы 207 миллион сом болору күтүлүп жатканы айтылды. "Эгер топтолгон каражат 50х50 пайыздан бөлүнө турган болсо, республикалык бюджетке да, мамлекеттик имаратты ээлеп турган мекеменин өзүнө да кыйла пайдалуу болот”,- дейт өкмөт өкүлү.
Айта кетсек, буга чейин маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар 30х70 пайыздан бөлүнүп, каражаттын 30 пайызы республикалык бюджетке, 70 пайызы ошол имараттарды ээлеп турган мекемеге жумшалып келген.