Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 27-январда "Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Мыйзам 2014-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, 254¹-беренесинин 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталат: "Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат. Өзү билип курулган курулушту бузуу аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат".
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.