"Кримтөбөл" Азиз Батукаев боюнча иш кайрадан каралат. Муну башкы прокурорлукка талапкер Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 27-январдагы жыйынында айтты.
Жыйын жүрүшүндө талапкер эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып “Батукаев боюнча маалыматтар жетиштүү жыйналган, мен иликтеп чыгышым керек, жаңы жагдайлар болсо, кайрадан карайм”,- деди Жолдубаева.
Комитет Жолдубаеванын башкы прокурорлукка талапкерлигин карап жатат. Аны депутаттарга президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев тааныштырды.
Эске салсак, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен.