Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети 27-январда башкы прокурорлукка сунушталган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду.
Жыйында депутаттар анын алдыдагы иш пландары тууралуу маалымат алып, укук маселелери боюнча суроолорун беришти. “Жаштарды кызматка алып келип, реформаларды ишке ашырышыбыз керек. Бизге жаш жана жаңы күч керек. Биздин жарандардын укугун коргой турган жетекчи болот деп сизге ишенип турабыз”,- дешти депутаттар.
Жолдубаева 2002-жылдан бери юридикалык кызматтарда иштеп келет. Ал эми 2011-жылдын декабрь айынан ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.