2014-жылдын бекитилген бюджетинде 2014-жылдагы күз-кыш мезгилине даярданууга жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды каржылоого 6 миллиард 946,8 миллион сом каралган. Берилген билдирмелерге ылайык, 2014-жылдагы күз-кыш мезгилине кеткен чыгымдар иш жүзүндө 6 миллиард 936,8 миллион сомго каржыланды же жылдык сумманын 99,9 пайызы аткарылды.
2014-жылдагы күз-кыш мезгилине кеткен чыгымдардын тизмеси (сом менен)
Иш-чаралар | 2014-жылга каралганы (такталган план) | Иш жүзүндө каржыланганы | Жылдык сумманын пайызы |
Жылуулук энергиясын субсидиялоо - бардыгы | 1 миллиард 609,2 миллион | 1 миллиард 609,2 миллион | 100 пайыз |
Анын ичинде «Кыргызжилкоммунсоюз» МИ | 1 миллиард 505,3 миллион | 1 миллиард 505,3 миллион | 100 пайыз |
«Ош ПТС» МИ | 103,9 миллион | 103,9 миллион | 100 пайыз |
Бюджеттик ссудалар | 3 миллиард 947,6 миллион | 3 миллиард 947,6 миллион | 100 пайыз |
Жылуулук, электр энергиясынын жана жаратылыш газына акы төлөөгө кеткен чыгымдар | 845,9 миллион | 836,5 миллион | 98,9 пайыз |
Бийик тоолуу райондордун калкына электр энергиясы үчүн компенсациялар | 208 миллион | 208 миллион | 100 пайыз |
Көмүргө кеткен чыгымдар | 300,4 миллион | 300 миллион | 99,9 пайыз |
Анын ичинде республикалык бейтапканалардын уюмдары (ММКФны кошо алганда) үчүн | 196,9 миллион | 196,2 миллион | 99 пайыз |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн | 103,8 миллион | 103,8 миллион | 100 пайыз |
Өткөрүлүп берилүүчү каражаттар (Ош облусу үчүн газ баллондору жана электр мештери) | 35,6 миллион | 35,6 миллион | 100 пайыз |
Күз-кыш мезгилине кеткен бардык чыгымдар | 6 миллиард 946,8 миллион | 6 миллиард 936,9 миллион |